Алдыдагы аптага карата аба ырайы

Бул жума өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, тоолуу аймактарда гана кар жаап, абанын температурасы түнкүсүн -19 градуска жетиши күтүлүүдө.

Ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -1...-4 градус суук, күндүз күндүн табы +5...+16 градуска чейин жетиши мүмкүн. Нарын жергесинде түнкүсүн -4... -13 градус, күндүз +3...+10 градус болот. Жалал-Абад, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн 0...-3 градус, күндүз +10...+17 градус жылуу болушу ыктымал.

Бишкек шаарында бир апта бою жамгыр жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1...+3, күндүз +10...+17 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан