АКШда 40 күндөн бери өкмөттүн иши токтоп тургандыктан, авиация тармагындагы үзгүлтүктөр уланып жатат. Кечээ, 9-ноябрда 2 миң 700дөн ашуун авиакаттам токтотулганы белгиленди. Бул тууралуу маалымат FlightAware сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ошол эле күнү 10 миңге жакын каттам кечиккен. Ал эми 31-октябрда миңден ашуун, 1-ноябрь күнү болсо 1,5 миңден көп каттам жокко чыгарылган.
АКШнын транспорт министри Шон Даффи эгер өкмөттүн иши жакын арада жанданбаса, өлкөдөгү аба каттамдарынын көлөмү олуттуу түрдө азайышы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, кошумча чектөөлөр киргизилсе, учуулар 20 пайызга чейин кыскарышы ыктымал.