Бүгүн, 10-ноябрда Ош шаарындагы “Жибек” бала бакчасынын кошумча 100 орундуу имараты ишке берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Анда ачылыш иш-чарасына келген калаа мэри Жеңишбек Токторбаевге бала бакчада тарбияланып жаткан кичинекей жеткинчектер ыр арнашты.
"Токторбаев агабыз,
Сизге рахмат айтабыз.
Сиздей башчы бар үчүн,
Гүлдөп жатат шаарыбыз",- деди кичинекейлердин бири.
Дагы бири: "Айтматовдой чыгаандар,
Чыккан биздин бакчадан.
Кылым жаша жаңырып,
Жашоо берип жаңыдан.
Жеңишбектей баатырлар,
Чыксын биздин бакчадан",- дейт.
Бул Жеңишбек Токторбаевге арналган алгачкы ыр эмес. Буга чейин да бир нече жолу мэрге карата ырлар айтылган.