Нурсултан Тажибаев Гүлчө шаарынын мэри болуп дайындалды (видео)

Бүгүн, 10-ноябрда Нурсултан Тажибаев Гүлчө шаарынын мэри болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Алай районунун акими Чыңгыз Бапаев кол койгон. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.

Буга чейин Тажибаев Алай районундагы Гүлчө айыл аймагынын башчысы болуп иштеген.

Белгилей кетсек, 12-сентябрда президент Садыр Жапаров Алымбек датканын урматына арналган майрамдык иш-чарада Гүлчө айылына шаар статусун берүү маселесин кароону тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырганын айткан.

Ал эми 15-октябрда Жапаров “Алай районундагы Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына өткөрүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-сентябрда кабыл алган.

Нурсултан Тажибаев Гүлчө шаарына мэр болуп дайындалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан