Кытайда учкучсуз аэротакси көрсөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, вертикалдуу учуу жана конуу мүмкүнчүлүгү бар бул учак сегизинчи Кытай эл аралык импорттук товарлар көргөзмөсүндө көрсөтүлдү.
Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, унаа менен 40 мүнөттө жете турган жерге аба таксиси менен 10 мүнөттө барууга болот. Кызматтын баасы болжол менен 8 долларды түзөт.
Презентацияны электр учактарды үй-бүлөлүк жана коммерциялык колдонуу үчүн чыгарган Vertaxi компаниясы өткөрдү.
Эске салсак, июль айында БАЭде учуучу таксинин сыноодон өткөнү маалымдалган. Аппарат вертикалдуу түрдө учуп-конуп, бир заряд менен 160 чакырымга чейин уча алат. Таксиде 4 жүргүнчүгө орун бар экени айтылган.