Словакиянын Братислава менен Пезинок шаарларынын ортосундагы темир жол тилкесинде жүргүнчүлөрдү ташыган поезддер кагылышты.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, жоготуулар жок, бирок 20 жабыркаган адам ооруканага жаткырылды.
Словакиянын ИИМинин маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда поезддерде 800дөй адам болгон, негизинен студенттер.
Мамлекет башчысы Петер Пеллегрини жабыркагандарга ден соолук каалап, кырсыкта ыкчам иш алып барган кызматтарга ыраазычылыгын айтты.
Бул Словакиядагы темир жол кырсыктарына байланыштуу ушул жылдагы экинчи окуя болуп саналат. 13-октябрда өлкөнүн чыгышында эки поезд кагылышып, 100гө жакын адам жабыркаган.