Садыр Жапаров: "Элдин мүлкүнө, мамлекеттин каражатына көз арткандарга жол бербейбиз"

Коррупцияга каршы күрөш бир күнгө да тыным алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өткөн "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө айтканын президенттин администрациясы кабарлады.

"Жедеп, чырмалышып калган схеманын бырын-чырын чыгарып, ондогон жылдар бою тамыры тереңдеп кеткен коррупцияны ооздуктоого жетиштик. Эми элдин мүлкүнө, мамлекеттин каражатына көз арткандарга жол бербейбиз.

Мындай учурда жеп-ичкичтик, жемкордук, паракорчулук деген ооруларга каршы тура турган күч – бул жаштар, силер болушуңар керек. Ата мекенин өз атасын, өз энесин сүйгөндөй сүйүп, ыйык туткан жаш муун өсүп жетилиши мезгилдин талабы болуп калды!"- деди мамлекет башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан