Баткенде мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында чек ара заставаларын уюштуруу үчүн берилген 2,59 гектар жер тилкелери 2001-жылы мыйзам бузуу менен жеке жактарга өтүп кеткендиги аныкталды.
Прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 42,1 миллион сомдук жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылып, алар УКМКнын Чек ара кызматынын бир аскер бөлүгүнүн балансына өткөрүлүп берилди.