“Үйдөн чыккыла деп жатат, 3 күн мөөнөт берди” дейт 5 баланын энеси Кымбат (видео)

SUPER.KG медиа порталынын "Тагдыр" рубрикасына Кымбат аттуу айым кайрылып, элден жардам сурады. Ал 5 баланын энеси, жолдошу учурда абакта болгондуктан балдарын өзү жалгыз багып келет. Кымбат айым 25 миң долларга үй алып, үйдүн 1 миллион сомун төлөп, калганын төлөй албай кыйналып жатканын айтат.

"Кыргыз элимден үйүбүзгө жардам беришсе деп кайрылат элем. Кичинекей балдарым менен көчөдө калбасам дейм",- дейт ал.

Айтымында, учурда 1 миллион 700 миң сомду 3 күндүн ичинде үй ээлерине бериши керек. Ошондой эле балдарынын бири баса албай турганын, учурда аны дарылатып жатканын кошумчалады ал.

Толугу менен порталдын ютуб канылынан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан