
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары болуп
Эрмек Казаков дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда аталган мекемеден билдиришти.
Жаңы дайындалган орун басарды Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев эмгек жамаатына тааныштырды.
Казаков өзүнүн эмгек жолун Социалдык фонддун тутумунда баштап, жетектөөчү адистен тартып башкармалыктын жетекчисине чейин жеткен.