Биз социалдык тармакта

Индиянын полициясы Делидеги жардырууну теракт катары баалоодо

Индиянын баш калаасындагы унаанын жарылуусун полиция кызматы теракт катары баалоодо. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Нью-Дели полициясы унаанын жарылуусун бийликке кол салуу болушу мүмкүн деп божомолдогон. Учурда тиешелүү органдардын бардыгы мунун себебин аныктоо боюнча иш алып барууда.

Ал эми Индиянын ички иштер министри Амит Шах окуя боюнча иликтөө иштерин баштаганын жана тергөө органдары тарабынан ар тараптуу иликтөө жүргүзүлөрүн билдирген.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-ноябрда Индиянын борбору Нью-Делиде Hyundai i20 үлгүсүндөгү унаа жарылып, кеминде сегиз адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан