Ош шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринде жана бала бакчаларда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышы текшерилүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүү иштери Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүүдө.
Бул иш боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын курамына тиешелүү адистер киргизилген. Комиссия мектептер менен бала бакчалардын менчигинин түрүнө жана мекемелик баш ийүүсүнө карабастан, бардык мекемелерде мониторинг жүргүзүүдө.