Бишкек шаарындагы Ай-Көл конушунда 13-ноябрда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган күнү оңдоо иштерине байланыштуу турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объекттерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы жана убактысы:
Ай-Көл конушу, саат 10:00дөн 16:00гө чейин.