Пакистандын борбору Исламабаддагы сот имаратынын алдында унаа жарылып, кеминде 12 адам каза болуп, дагы 21 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Айрым маалымат булактары жардырууну теракт жасаган адам уюштургандыгын билдиришти. Окуя болгон жерде полиция жана куткаруу кызматтары иш алып барышууда, жабыркагандар жакынкы ооруканага жеткирилди.
Окуянын чоо-жайы жана шектүүлөр тууралуу маалыматтар такталууда.