iOS 26да iPhone жана iPad'ды бет мимикасы жана баштын кыймылдары менен башкаруу мүмкүнчүлүгү кошулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, функция "Универсалдык жеткиликтүүлүк" бөлүмүндө жайгашкан жана алдыңкы камера аркылуу жылмаюу, каш көтөрүү, көз ирмөө, тил чыгаруу сыяктуу мимикаларды тааныйт.
Колдонуучу белгилүү бир мимиканы ар кандай аракетке байланыштырып койсо болот. Мисалы:
Жаңы функция iPhone 11ден баштап иштейт. Apple бул функцияны майыптыгы бар жарандар үчүн жардамчы курал катары чыгарган, бирок ал социалдык тармактарда кызык оюн-зоок катары тез тарады.