Биз социалдык тармакта

Ооганстан менен Пакистандын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктады

Оогастандын тышкы иштер министринин орун басары Мохаммад Наим Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөр Пакистандын реалдуу эмес талаптарынан улам жыйынтык бербегенин билдирди. Бул тууралуу ал чет элдик басылмаларга маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Кабул сүйлөшүүгө жакшы ниет менен келген, бирок пакистандык тарап кызматташууга даяр болгон эмес. Ошол эле учурда Ооганстан келишимге даяр экенин белгиледи.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эки өлкө ортосундагы чыңалууну азайтуу үчүн тынчтык диалогун түзүү демилгесин сунуштап, Исламабадга түрк министрлерин жөнөтүүнү пландап жатат.

Эки өлкө ортосундагы мамиле октябрь айындагы Пакистандын аба соккуларынан кийин курчуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан