Бүгүн, 11-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке талапкерлер Чыңгыз Айдарбековго жана Төрөкан Жунусбековго шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузганы үчүн айып пул салуу чечимин кабыл алды.
Жумушчу топтун маалыматына караганда, Айдарбеков социалдык тармактарда мыйзамсыз үгүт жүргүзгөн, ал эми Жунусбеков мечитте үгүт жүргүзгөндүгү үчүн жоопко тартылды.
БШК ар бир талапкерге 7500 сом өлчөмүндө айып пул салуу чечимин кабыл алды.