Орусиянын президенти Владимир Путин жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин тереңдетүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Кремлдин маалыматына караганда, тараптар энергетика, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктагы ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашышкан.
Белгилей кетсек, өткөн жумада АКШда С5+1 форматында саммит өтүп, анда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Дональд Трамп менен жолугуп кайтышты.
Ал эми казак лидери жакын арада Путин менен жолуга тургандыгы да маалымдалды.