УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажик тарап Кыргыз-Тажик чек арасынын 2011-жылга чейин такталган жерлерин, кийин калган бөлүгүн тактоо алдында келишим менен бекитүүнү сунуштаганын билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 1008, 14 чакырым болсо, анын 519,09 чакырымы 2011-жылга чейин такталып, өкмөттүк делегациялар тарабынан бекитилген. Кийин калган 488, 24 чакырымды тактоо иштеринде Тажик тарап 2011-жылга чейин такталган келишимди бекитүүнү сунуштаган.
"Алар тиешелүү материалдарды даярдашкан. "Аны келишим менен өткөрүп коё берели" деп суранып келишкен. Бирок Кыргыз тарап чек ара толугу менен такталганга чейин ал келишимге кол коюудан баш тарткан. Себеби 519,09 чакырым бүт тоолуу аймактарды камтып, талаш-тартыштуу эмес болчу",- деди атайын кызматтын башчысы Оштун Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушууда.