Ош шаарындагы Курманжан датка жана Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жаңы сейил бактын курулуш иштери соңку этабына жетти. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен бул аймактагы тоскоолдук жараткан курулуштар алынып, суунун жээги ачылган.
Учурда сейил бакта чыгармачыл жаштар үчүн жайкы сахна, эс алуучулар үчүн отургучтар орнотулууда. Мындан тышкары, жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштери да жүргүзүлүп жатат.