Ташиев Достук айылына көчүрүлгөн 75 жаранга миллион сомдон берилгенин айтты

Баткенде Тажикстанга өткөн айылдардын тургундарын жаңы түптөлгөн Достук конушуна 181 үй салып көчүрдүк. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Оштун Чоң-Алай районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Ал ошондой эле ал жакка көчүрүлгөн 75 жаранга 1 миллион сомдон компенсация төлөнүп берилгенин айтты.

"Аларды жөн эле көчүрбөстөн сарайың, очогуң калып кетти деген негизде колдоруна акча бердик. Биздин элди биз карабаганда ким карайт?!" - деди Ташиев.

Ташиев Достук айылына көчүрүлгөн 75 жаранга миллион сомдон берилгенин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан