Биз социалдык тармакта

Трамп Сириянын президенти Ахмед аш-Шараага өзүнүн атындагы атырдан белек кылды

АКШ президенти Дональд Трамп Сириянын мамлекет башчысы Ахмед аш-Шараага Ак үйдөгү жолугушууда өзүнүн бренди астындагы атырын белек кылганын "РИА Новости" жазды.

Ахмед аш-Шараа Сирия эгемендүүлүк алган 1946-жылдан бери Вашингтонго келген биринчи сириялык лидер болду. Америкалык лидер ага бир флакон атырды өзүнө, экинчисин жубайына алуу сунушун берген.

АКШ 7-ноябрда Сириянын президенти Ахмед аш-Шараадан санкцияларды алып салган. Бул чечим анын Вашингтонго болгон иш сапарынын алдынан кабыл алынган. Ал эми 6-ноябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши да санкцияларды алуу чечимин колдогон.

2024-жылдын ноябрь айынын аягында Сирия оппозициясынын куралдуу түзүмдөрү өкмөттүк аскерлердин позицияларына ири масштабдуу чабуул башташкан. 8-декабрда алар Дамаскка киришкенден кийин Башар Асад президенттик кызматын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткен. 2025-жылдын 29-январында Ахмед аш-Шараа өткөөл мезгилге Сириянын президенти катары жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан