Борбордук шайлоо комиссиясы 12-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялады. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:
- Болгариянын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Египеттин Улуттук шайлоо комиссиясынын;
- Ислам Кызматташтык Уюмунун;
- Кыргызстандагы Кытайдагы элчилигинин;
- Кыргызстандагы Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин;
- Кыргызстандагы Япониянын элчилигинин;
- Кыргыз Республикасындагы Венгриянын элчилигинин;
- Кыргызстандагы Улуу Британиянын элчилигинин;
- Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин байкоочулар миссиясынын;
- Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын;
- Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын;
- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү.
БШК бүгүнкү күндө парламенттик шайлоого жалпысынан 297 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.
Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилди.
Быйылкы шайлоо жаңы кабыл алынган мыйзам менен өтөт. Анда кандай өзгөрүүлөр бар? Бул шилтемеден окусаңыз болот.