Белгилүү ырчы Айгерим Расул кызы концерттен кийин күйөрмандарынын курчоосунда калган. Аталган окуянын видеосун ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында "Элим" деген билдирүү менен бөлүшкөн.
Маалыматка ылайык, мындай көрүнүш Араван районунун 90 жылдык мааракесине уюштурулган концерт учурунда болгон.
Ал эми бөлүшүлгөн видеонун алдына социалдык тармактын колдонуучулары ырчы айымдын жөнөкөйлүгүнө суктанып комментарий калтырышууда.