Биз социалдык тармакта

OpenAI ChatGPT'нин жаңы версиясын ишке киргизди

OpenAI компаниясы GPT-5.1 тил моделинин жаңы версиясын расмий түрдө тааныштырып, аны ChatGPT кызматын колдонгондорго жеткиликтүү кылды. Бул тууралуу жасалма интеллектти өнүктүрүүчү компаниянын расмий сайтында маалымдалды.

Жаңыртылган модель эки вариантта чыгарылган. Биринчи вариант GPT-5.1 Instant деп аталат жана күнүмдүк колдонуу үчүн иштелип чыккан. Ал тез жооптор менен иштөөгө ылайыкталган. Экинчи вариант GPT-5.1 Thinking татаал тапшырмаларды чечүүгө арналган жана суроолордун кыйынчылыгына жараша жооп берүү убактысын жөнгө салат.

Ошондой эле GPT-5.1де жооптун тонун жөнгө салууга жаңы систем киргизилди. Колдонуучулар алты режимди, тагыраагы, стандарттык, достук, эффективдүү, профессионалдык, ачык-айкын жана кызыктуу режимдердин бирөөсүн тандай алышат. Ошондой эле эмодзилерди колдонуу жана жооптордун кыска же узун болушун жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү бар.

GPT-5.1ге ChatGPT Pro, Plus, Go, Business жана Edu тарифтик пландарын колдонгондор жеткиликтүү. GPT-5 сериясынын мурунку моделдери үч ай бою “эскирген моделдер” бөлүмү аркылуу жеткиликтүү болот. GPT-5.1 үчүн API ушул жума аягында gpt-5.1-chat-latest жана gpt-5.1 деген аттар менен ишке кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан