Биз социалдык тармакта

"Уруу-уруу болуп бөлүнүүнү токтоткула". Ташиев элге кайрылды (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев элге кайрылып, уруу-уруу болуп бөлүнүүнү токтотуу зарылдыгын белгиледи.

Айтымында, акыркы учурларда республикалык деңгээлде уруулардын курултайлары өтүп жатат.

"Өлкөдө уруучулукка бөлүнүү көбөйүп кетти. Муну токтотушубуз керек. Ар ким өз уруусун "кыйын болгон", "көп болгон" деп эн тамгасын белгилеп, республикалык курултайларды өткөрүүнү токтотуш керек. Бул туура эмес.

Жети атабызды, уруубузду, туугандарды билишибиз зарыл. Бирок ошол эле мезгилде тууганчылыкты мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыкканды токтотушубуз керек. Мындан ары мамлекеттик деңгээлдеги уруулардын курултайларын өткөрбөгүлө",- деди Ташиев.

Видео: Регион.Тв

Камчыбек Ташиев: "Уруулардын курултайларын токтоткула..."
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан