Орусияда балдар арасындагы «Айтматов ааламы» аттуу сүрөт конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктоо иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Орусия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинен билдирди. Конкурстун максаты — Орусия аймагындагы кыргыз балдарды чыгармачылыкка үндөө жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын таанууга тартуу менен балдар арасындагы сүрөт чыгармачылыгына стимул берүү, балдардын активдүү жашоо позициясын жана өз өлкөлөрү үчүн сыймыктануу сезимин жаратуу. Сүрөттөрдүн тематикасы Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгындагы сюжет же чыгармаларындагы каармандарды чагылдыруу болгон. Сынакка 20дан ашык катышуучу катышып, алар негизинен Орусияда иштеген кыргыз эмгек мигранттарынын балдары болгон. Ошондой эле Кыргызстанда жашаган балдар да сүрөттөрүн жөнөтүшкөн. Калыстар тобуна элчиликтин кызматкерлери жана мигранттарды колдоо борборунун, Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү кирген.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча, алдынкы үч орунга Шернияз Почталиев, Тимур Стамбеков жана Сүйүнбек кызы Алина ээ болуп, планшет компьютерлерин алышты. Мындан тышкары 4 катышуучуга уюлдук телефондор берилди. Иш-чаранын аягында бардык катышуучулар эстелик белектерин алышты.