Жети-Өгүз районунун Балтабай айылында адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык 11-ноябрда Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолунда болгон. Чыгышты көздөй бара жаткан BMW X5 унаасынын айдоочусу ашып өтүүгө аракет кылып каршы тилкеге чыгып, каршы тарапта келе жаткан Mercedes-Benz унаасы менен кагылышкан. Кагылышуунун натыйжасында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу, Жети-Өгүз районунун 1998-жылы туулган тургуну окуя болгон жерде каза болгон.
Кырсык Жети-Өгүз районунун ички иштер башкармалыгынын кылмыштарды жана жоруктарды каттоо журналына катталган. Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.