Ибраев мектептерде электр жарыгы окуу сабактары бүткөндөн кийин гана өчүрүлөрүн билдирди  

Энергетика министри Таалайбек Ибраев билим берүү мекемелеринде электр жарыгын өчүрүү окуу сабактары аяктагандан кийин жүргүзүлө турганын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, электр энергиясын үнөмдөө боюнча министрлер кабинетинин чечимин толук аткарууну камсыздоо тапшырылган.
Мындан тышкары, Таалайбек Ибраев бул тартипти сактабагандарга аткаруучулук тартипти бузуу катары баа берилерин жана жетекчилерге жеке жоопкерчилик жүктөлөрүн баса белгилеген. Ошондой эле абал министрдин жеке көзөмөлүндө турарын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мектептердеги электр жарыгы кечки саат жетиге чейин өчүрүлбөшү керектигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан