Ош шаарынын мэриясына караштуу автогаражды капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери соңку баскычка жетти. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Азыркы учурда имараттын ички жана сырткы жасалгасы жаңыртылып, терезелер орнотулуп, чатыры жабылып, айланасына асфальт төшөө иштери аяктоо алдында турат.
Эске салсак, буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев автогараждын абалы менен жеринде таанышып, аны капиталдык оңдоодон өткөрүүнү тапшырган болчу.