Бүгүн, 13-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Астана шаарына жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын учагы “Нурсултан Назарбаев” эл аралык аэропортуна конду. Аны Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.
Эске сала кетсек, Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 13-жыйынына катышат.