Пекинде өтүп жаткан көркөм гимнастика боюнча "Sky Grace Cup" эл аралык турниринде биринчи жолу жасалма интеллект калыстык кылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мелдеште 30дан ашык мамлекеттен келген катышуучулар күч сынашууда. Алардын арсында эң көп катышуучу Орусиядан келген. Аталган турнир 2021-жылдан бери уюштурулуп келет.
Системди иштеп чыгуучулар жасалма интеллект адам байкабай калышы мүмкүн болгон нерселерди аныктоого жардам берерин жана калыстардын бир жактуулугун жоюуга багытталганын айтышкан.