Жайыт жерлерди калыбына келтирүү үчүн үрөндөр себилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жайыттарды жакшыртуу үчүн 3226 гектар аянтка үрөндөр себилген.
"Кунарсыз жана түшүмдүүлүгү төмөн жайыт жерлерди калыбына келтирүү максатында ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан жайыт чөптөрүнүн үрөнүн себүү иштери республика боюнча активдүү уланууда",- деп билдирди министрлик.