Өлкөдөгү мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланды 

Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы 191 бош кызмат оруну бар. Алардын ичинен эң көп бош кызмат орундары Жалал-Абад облусунда.

Өлкөдөгү мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундары:

  • Бишкек шаары – 9,
  • Ош шаары – 3,
  • Чүй облусу – 26,
  • Нарын облусу – 11,
  • Ош облусу – 46,
  • Баткен облусу – 18,
  • Ысык-Көл облусу – 14,
  • Талас облусу – 6,
  • Жалал-Абад облусу – 58.

Министрлик аталган кызмат орундарына келүү үчүн документтер ушул жылдын 13-ноябрынан 26-ноябрына чейин кабыл алынарын кошумчалады. Керектүү документтер министрликтин электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан