Милиция кызматкеринин жардамы менен өрттөнүп жаткан унааны сактап калышкан (видео) 

Милиция кызматкери жардам берип, жолдун ортосунда өрттөнүп жаткан унааны өчүрүп, жарылуудан сактап калышты. Аталган окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 12-ноябрда кечинде Чүй облусундагы Беловодское айылында болгон. Анда машинанын капотунун астынан күтүүсүздөн өрт чыгып, ал тутанып кеткен. Кайгуул милициянын кызматкери өрттү өчүрүүгө жардам берген.

Кырсыктан эч ким жабыр тарткан эмес. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары боорукер милиция кызматкерине ыраазы болушууда.

13.11.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан