Манас шаарынын реконструкциялоодон өткөрүлгөн Достоевский көчөсүнө чынар теректин көчөттөрү отургузулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Көчөттөр мэриянын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы тарабынан жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен отургузулууда. Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасына ылайык, жыл аягына чейин 2000дей көчөт отургузуу пландалган.
Саамалык шаарды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөйт.