Ысык-Көлдө “Камкор” ыкчам алдын алуу иш-чарасынын алкагында социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө жана балдарга кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ал иш-чаранын максаты - калктын социалдык абалын жакшыртуу, өспүрүмдөрдүн тарбиясына көңүл буруу жана коомчулуктун колдоосуна муктаж жарандарга жардам берүү.
Бул саамалык аркылуу инспекторлор үй-бүлөлөрдөн кабар алып, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү оокаттарды тапшырышты.