Өлкөдөгү тойканалардын биринде милиция кызматкерлери тойдогу конокторду таратып жаткан окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Андагы маалыматтарга ылайык, окуя тойканалардын биринде саат 22:00дөн кийин болгон. Видеодон тамада мыйзамды сактап, тарап кетүү керектигин жарыялап жатканын угууга болот.
"Ардактуу меймандар, баарыбыз "Тынчтык мыйзамын" сактап, бат-баттан үйлөрүбүзгө таркайбыз. Мыйзамга баш ийебиз",- деген ал.
Учурда аталган видео качан жана кайсыл жерде тартылганы белгисиз.