Оштун мэри саат 22:00дө жарыгын өчүрбөгөн кафе-ресторандарды бир айга жабуу тапшырмасын берди

13-ноябрдан тарта Ош шаарында электр энергиясын үнөмдөө жана "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды аткаруу багытында рейд башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, рейд Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жетекчилиги алдында тиешелүү шаардык кызматтардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө калаа башчысы саат 22:00дө жарыгын өчүрбөгөн кафе-ресторандарды бир айга жабуу тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан