Бишкекте жол чырактар өчүп калса кайда кайрылуу керек? Мэриянын жообу

Бишкек шаардык мэриясы тургундардан жол чырактардын өчүп калганын кабарлап коюну суранды.

Мэриянын маалыматында, борбордо акыркы убактарда өчүп жаткан жол чырактар боюнча муниципалдык ишкананын кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, кайра иштетилүүдө.

"Райондук электр тармактары тарабынан электр жарыгынын өчүп жаткандыгына байланыштуу жол чырактар байма-бай өчүп жатканы катталууда. Өз кезегинде ишкана тарабынан жол чырактарды өз калыбында иштетүүгө бардык иш-аракеттер көрүлүп жатат",- деп белгиледи мэрия.

Эгер калаа жолдорунан жол чырактын иштебей жатканын байкасаңыз, төмөнкү номурларга кабарласаңыз болот:

  • 0504 88-90-99
  • 0559 88-90-99
  • 889099
  • 650180
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан