Кечээ, 13-ноябрда Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын кызматкерлеринин ыкчам коштоосу менен Ош жана Манас шаардык аскер комиссариаттарынын үч кызматкери пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Кабарлангандай, алар Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) жана 343-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынды.
Тергөө органдары кызматкерлердин пара алуу схемаларына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө амалдарын улантышууда.