Бишкектеги
Леваневский көчөсүн капиталдык оңдоо боюнча активдүү иштер уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Гагарин көчөсүнөн №136А үйүнө чейинки участокто негизги курулуш иштери аяктады: эски асфальтты алуу, тротуар жана жолдун бордюрларын орнотуу, ирригациялык тармакты орнотуу иштери аяктап, тротуардын негизи бүткөрүлдү.
Учурда адистер люк капкактарын жөнгө салып, жолдун негизин даярдап жатышат. Жакынкы арада асфальт-бетон аралашмасын төшөөнү баштоо пландаштырылууда.
Бардык жумуштар аяктагандан кийин Леваневский көчөсүнүн эки тарабында ыңгайлуу тротуар, кеңейтилген жол жана ирригация системи болот.