Бишкекте туура эмес жерге токтотулган 64 унаа эвакуацияланды 

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаарында коопсуздукту камсыз кылуу максатында баш аламан токтогон унааларды эвакуациялоо боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир күн ичинде атайын жол белгиси менен тыюу салынган жерлерге, таштанды челектердин алдына жана аялдамаларга токтогон 64 унаа эвакуацияланып, айып короо жайына киргизилген.

"Алдыда бул багыттагы иштер улантылат. Унааңыздарды уруксат берилбеген жерлерге токтотпооңуздарды жана токтотуу эрежелерин сактоону суранабыз",- деп билдирди мэрия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан