Маданият министрлиги Болливуд кинофестивалы 21-24-ноябрь күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрында өтөрүн билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чараны Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Кинематография департаменти уюштуруп жатат.
Фестивалдын ачылышы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот. Ачылыш программасында "Каухар" улуттук бий ансамбли менен "Таберик" балдардын музыкалык театрынын өнөр тартуулоосу жана "Дангал" фильминин көрсөтүүсү пландалган.
Фестивалдын программасындагы көрсөтүүлөр: