Эртең, 15-ноябрда өлкө аймагында жамгыр жаабайт, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0... +5, күндүз +14... +19;
Талас жергесинде түнкүсүн -1... +1, күндүз +15... +17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3... +5, күндүз +18... +20 градус;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1... +1, күндүз +9... +11;
Нарын аймагында түнкүсүн -6... -8, күндүз +6... +8 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +2... +4, күндүз 16... +18 градуска жетет.