Казак ырчысы Димаш концерттен кийин унаанын үстүндө күйөрмандары менен жолугушту (видео)

Белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайбергендин Лондондогу концерти аншлаг менен аяктап, иш-чара бүткөндөн кийин дагы ырчы мырза унаасынын үстүндө күйөрмандары менен жолуккан. Аталган окуянын видеосун ырчы өзү социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

Видеодон Димаш күйөрмандарынын курчоосунда калганын жана ырчы унаанын үстүнө чыгып алып, кол тамга берип жатканын көрүүгө болот.

"Рахмат, Лондон! Бул видео биз турган мейманкананын алдындагы концерттен кийин тартылган көрүнүш. Баарына рахмат айтуу үчүн унаанын үстүнө чыгууга туура келди. Силерди сүйөм. Эртең Берлинде көрүшкөнчө",- деп билдирүү калтырган ал.

14.11.2025
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан