Бишкекте курулуш компаниясына 423 000 сом айып салынып, иши токтотулду (фото)

Бишкек шаарынын Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан курулуш объекттери көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Курулуш объекттерин текшерүүдө Бишкек шаарынын Токмок көчөсү 45, 47 жана Загорская көчөсү 22, 24 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үйдө курулуш нормаларынын бузулгандыгы жана долбоордон сырткары иш жүргүзүлгөндүгү аныкталды.
Мындан сырткары, Мичурин 27 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу объектте дагы долбоордон сырткары курулуш иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада эки объекттин курулуш иштерин жүргүзгөн “Стальмонтаж плюс” ЖЧКсына карата башкармалык тарабынан акт түзүлүп, 423 000 сом өлчөмүндө айып салынды.
Ошондой эле башкармалык тарабынан жазуу түрүндө эскертүү берилип, “Стальмонтаж плюс” ЖЧКнын лицензиясы курулуш объекти долбоорго ылайык келтирилгенге чейин токтотулду.
Башкармалык курулуш-монтаж иштерин Кыргызстандын мыйзамдарына жана макулдашылган долбоорго ылайык аткарууга чакырат. Курулуш министрлиги долбоордогу материалдарды колдонуу, техникалык коопсуздук эрежелерин жана бардык курулуш ченемдерин так сактоо зарылдыгын эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан