Бишкек шаарында дем алыш күндөрү азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, борбордо 2026-жылдын июнь айына чейин ар ишемби жана жекшемби күндөрү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлүп турат.
"Азык-түлүк товарларынын социалдык маанилүү түрлөрүнө баанын өсүү темпин токтотуу жана калктын социалдык аярлуу катмары үчүн тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында ишке ашырылууда",- деп билдирди министрлик.
Жарманке Турдакун Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле Исхак Раззаков жана Абдымомунов, Эркиндик бульвары көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулат.