Чүй облусунун Москва районундагы "Ак-Суу" коругундагы фотокапкандарга түшкөн жаныбарлардын сүрөттөрү тарады.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын адистери Москва районунун аймагында жайгашкан "Ак-Суу" коругунда фотокапкан аркылуу жапайы жаныбарларды мониторинг кылууну улантууда.
Фотокапкандарга түшкөн материалдарда корукта жашаган тоо текелер, аркалар, түлкүлөр жана башка жапайы жаныбарлар катталды.