Бүгүн, 14-ноябрда 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланышты. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, аталган агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев мамлекеттик сынактык комиссиянын курамы жана мыкты деп аныкталган айыл өкмөттөр катышты. Азем "Ынтымак Ордо" имаратында өткөрүлдү.
Бул сынактын максаты - айыл өкмөттөрүнүн калкка көрсөткөн кызматтарынын сапатын жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин стимулдаштыруу болуп саналат.
Мамлекеттик сынактык комиссия 2024-жылдын жыйынтыгы менен облустардан 10 айыл өкмөтүн сунушталып, комиссия бул айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгү менен жеринде таанышкан.
Сынак үч этапта - райондук, облустук жана жалпы мамлекеттик деңгээлдерде өткөрүлүп, жыйынтыгында ар бир облустан эң жогорку упай алган айыл өкмөттөрү көрсөтүлгөн тартипте жалпы мамлекеттик комиссиянын кароосуна сунушталган.
Комиссиянын 2024-жылдагы иштин жыйынтыктары боюнча чечими Министрлер кабинетинин төрагасынын 2025-жылдын 21-октябрындагы № 901-т тескемеси менен бекитилген.
Анын негизинде "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына ээ болгон жана байгелүү орундарга чыккан айыл өкмөттөр төмөнкүчө аныкталган:
Биринчи топ (бийик тоолуу жана чек арадагы айыл өкмөттөр):
- I орун – Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтү (3 000 000 сом);
- II орун – Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү (2 000 000 сом);
- III орун – Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтү (1 000 000 сом).
Экинчи топ (калган айыл өкмөттөр):
- I орун – Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтү (3 000 000 сом);
- II орун – Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл өкмөтү (2 000 000 сом);
- III орун – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү (1 000 000 сом).
Жалпы байге фонду 12 миллион сом суммасында аныкталып, бул каражат 2025-жылга республикалык бюджеттин максаттуу трансферттеринин эсебинен бөлүнмөкчү. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана байгелерди тапшырууну уюштуруу жоопкерчилиги Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн.